• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргыз Эл артисти Искра Райымкулова каза болду

8 Баш оона 2021 19:37 Бишкек Govori.TV

Театр жана кино актрисасы Искра Райымкулова 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Райымкулова Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасында Жеңишбектин образын жараткан. Ошондой эле Алтынайдын («Биринчи мугалим»), Алимандын («Саманчынын жолу») жана башка бир катар каармандардын образдарын мыкты жараткан.

Ал эми Токтогул Сатылганов тууралуу көркөм тасмада Алымкандын ролун ойногон. Мындан тышкары «Күнөстүү арал», «Он үчүнчү небере», «Издейм сени» тасмаларында тартылган.

Количество просмотров: 884