• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-казак өткөрүү пункттарында электрондук кезекке өтүү каралып жатат

9 Бештин айы 202414:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Казакстандын чек араларындагы өткөрүү пункттарында электрондук кезек тутумун киргизүү пландалып, ага акы төлөнө тургандыгы кабарланды.

Электрондук кезек Жамбыл облусундагы Айша-Биби, Аухатты, Карасу, Кордай, Сартобе, Сыпатай Батыр өткөрүү пункттарында, ал эми Алматы облусунда Кеген пунктунда ишке ашырылаары каралууда.

Мындай электрондук тутумдар буга чейин Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Россия пункттарында иштеп баштаган.

Ушул жылдын 1-декабрынан тарта Россиянын «Маштаково» өткөрүү пунктунда биометриялык каттоо дагы иштей баштады. Бирок өлкөлөр арасында каттаган адамдар электрондук кезектерге көп убакыт кетерин белгилеп жатышат.

Количество просмотров: 114