• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз тасмалары эми O!TV тиркемесиндеги жаңы онлайн-кинотеатрда

30 Тогуздун айы 2023 10:06 Бишкек Govori.TV

O!TV тиркемесинен кыргыз кинотасмаларынын «ЭТНОМЕДИА» ири онлайн-кинотеатры менен таанышыңыздар.

  • кыргыз тилиндеги 300дөн ашуун фильм, мультфильм, сериал жана шоу;
  • жогорку сапаттагы сүрөттөлүш жана жарнамасыз;
  • жанрлар боюнча ыңгайлуу издөө: комедия, драма, тарыхый ж.б.;
  • бир катталуу менен түрдүү 5 түзүлүштөн көрүү.

«Кино бизге жаңы келген мезгилде, айылдык балдар «кыйно» дечү элек. Бир фильмди көрүш үчүн райондун борборуна чейин он километр жөө басчубуз», – деп эскерет белгилүү кыргыз режиссёру Төлөмүш Океев.

Эми болсо, смартфондон эки буйрутманы басуу менен каалаган кинону көрө алабыз! O!TV тиркемесин көчүрүп, *805*1# буйрутмасын териңиз да, жаңы «ЭТНОМЕДИА» онлайн-кинотеатрынын мүмкүнчүлүктөрүн 7 күн бою АКЫСЫЗ баалаңыздар.

Улуттук кинематографтын чуу жараткан жаңы тасмаларын, кыргыз киносунун классикасын көрүп чыгыңыздар. «Кыргыз керемети» феноменин – «Кыргызфильм» студиясында тартылган советтик доордогу легендалуу фильмдерди көрүп, аларга баа бериңиздер. Керемет дегенибиздин себеби – колунда эч нерсеси жок эле кыргыз режиссёрлору бүткүл союздук, эл аралык кинофестивалдардан көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп келишкен. Кыргыз киносунда болгон негизги байлык – анын улуттук аң-сезимге толгону эле.

Ата мекендик режиссёрлордун чыгармачылыгы менен таанышып чыгыңыздар. «ЭТНОМЕДИА» видеокаталогу дайыма толукталып турат.

Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин абоненттик төлөм КНС эсепке алынып, СС кошпогондо, күнүнө 7 сомду түзөт. Сервис тууралуу кененирээк маалымат o.kg сайтында.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын МБТМК караштуу МБА №16-0062-КР, №16-0063-КР лицензиялары.

Материал жарнамалык негизде чыгарылды.

Количество просмотров: 56