• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз, тажик жана өзбек чек аралары кесилишкен чекит жөнүндөгү келишим ратификациялады

18 Теке 202513:19 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты “КР эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Алсак, ушул Мыйзам менен 2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо сунушталат

Количество просмотров: 129