Өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет.
Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн.
Быйыл кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына 96 жыл толду. Өкмөттүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 7-ноябрь — Басма сөз жана маалымат күнү — журналисттердин кесиптик майрамы катары белгиленген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын башында өлкө аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миң чарба субъектиси болгон. Акыркы беш жыл ичинде алардын саны дээрлик 18 пайызга көбөйгөн.