• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Кыргызгидромет аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

15 Бирдин айы 2023 10:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, алыс жолго чыккан айдоочуларды этият болууга чакырды.

Маалыматка ылайык, 15нен 19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 58-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 0-2-чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 209