• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды

4 Теке 2022 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кыргызкөмүр» МИнын жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, мыйзамсыз түрдө, өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» жоопкерчилиги чектелген коомдору менен «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонналык көмүрдү ташып жеткизүү үчүн кызматтарды сатып алуу боюнча атайын бекитилген баанын өлчөмүнөн эки эсеге жакын кымбат баада келишим түзүшкөндүгү аныкталды.

Натыйжада мамлекетке 127 млн. 185 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-бер. (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-бер. (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Количество просмотров: 579