• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстан беш жылда таза суу менен толук камсыз болот

15 Үчтүн айы 2019 9:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019. Govori.TV

Мындай убаданы президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев баштаган ичүүчү таза сууга жооптуу башчылар менен жолугушууда айтты.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 21 шаарында учурда 193 млн. еврого долбоорлор ишке ашырылып жатат. Таза суу менен камсыздоо боюнча эң начар абал Жалал-Абад облусунда, бул региондун 148 айылында ичүүчү суу жок. Ал эми Кыргызстан боюнча 390 айылда ичүүчү таза суу жок.

Мамлекеттик бюджет тарабынан 2019-жылга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого 350 млн. сом каралып жатат. 2018-жылы 250 млн. сом бөлүнгөн.

Жолугушууга Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Бекжан Супаналиев да катышты.

Количество просмотров: 66