2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында өтүп жаткан Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттешинин биринчи бөлүгү аяктады.
Биринчи бөлүк 2:0 эсебинде Иран курамасынын пайдасына аяктады.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтүп жатат, ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана күйөрмандар келип кыргыз курамасын колдоого алышууда.
Эске салсак, Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.
Кыргызстан алгачкы беттешин 5-сентябрда Иранга каршы ойноп 0:1 эсебинде утулган. 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилген. Ал эми 15-октябрда Түндүк Кореянын оюнчуларын 1:0 эсебинде жеңген.14-ноябрда Бириккен Араб Эмираты менен ойноп, 3:0 эсбинде кыргыз курамасы жеңилген.