• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан — Иран футбол беттеши: Айрым көчөлөр жабылат

18 Жетинин айы 202417:06 Бишкек Govori.TV

Эртең, 19-ноябрда боло турган Кыргызстан-Иран футбол беттешине байланыштуу борбор калаада саат 14:00дөн иш-чара аяктаганга чейин айрым көчөлөрдө унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.

Маалыматка ылайык, Фрунзе көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилова көчөсүнө чейин, ал эми Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабык болот.

Эртең Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Оюн саат 20:00до башталат.

Теги:
Количество просмотров: 215