• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Кыргызстан Киев уюштурган Тынчтык саммитине катышпайт

7 Кулжа 2024 14:16 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстан Украинанын демилгеси менен Швейцарияда уюштурулуп жаткан Тынчтык саммитине катышпай турганын айтты.

Ал расмий Бишкек “эки өлкөнүн ортосундагы бул кырдаалды токтотууга” жан үрөй турганын жана Батыш өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды кыйгап өтүүгө Кыргызстан Москвага жардам берүүгө кызыкдар эмес экенин кошумчалады.

“Украина менен көп убакыттан бери эле тыгыз байланыштабыз. Кыргызстандын президенти башында эле биз Орусияга да, Украинага да бирдей эле мамиле кыларыбызды айткан. Эки өлкө тең бизге жакын өлкөлөр жана Кыргызстанда орусиялык да, украиналык да этникалык азчылыктар жашайт. Биз бул кырдаалды токтотууга жан үрөйбүз. Украина бизди түшүнөт жана биз анын себептерин (ред: Тынчтык саммитине катышпоонун) негиздеп бердик”, — деди ал.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-майда Харьков шаарында борборазиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифингде Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айткан.

Количество просмотров: 113