• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Байсалов: Париж олимпиадасы баш болгон чемпионаттарда жаңы желек көтөрүлөт

21 Бештин айы 2023 17:57 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алдыда өтчү чемпионаттарда жаңы желек көтөрүлө турганын Твиттердеги баракчасына жазды.

«Мен азыр эле жазайын деп жаттым эле. Апрелде бизде Азия чемпионаты жана рейтинг турнири өтөт. Албетте, өз жергебизде биздин жаңы туу желбирейт. Бирок Париж олимпиадасы баш болуп, калгандарында да (буюрса, Жоломан баатырыбыздын да ардагына) жаңы желек көтөрүлөт»,-деп жазды ал.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Жоламан Шаршенбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын алгачкы туусун гана көтөрүп чыга турганын айткан.

Количество просмотров: 131