• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Байсалов: «Чет элдик өкүл» мыйзамы жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө коркунуч туудурбайт

14 Жалган куран 2024 15:09 Бишкек Govori.TV

«Чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө эч кандай коркунуч туудурбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагысынын орун басары Эдил Байсалов онлайн брифингде билдирди.

Байсалов өз сөзүндө мыйзам долбооруна карата айтылып жаткан сындар менен кооптонууларды четке какты.

«Жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдар биздин демократиялык жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу үчүн эч ким конституциялык укуктарынан ажыратылбайт. Алардан талап кылынган бир гана нерсе, алар каржылоо булактарын так көрсөтүшү керек, бирок сиз жана мен билгендей, алардан баары бир грант берүүчүлөрдүн өздөрү талап кылып жатышат», — деди ал.

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Мыйзам долбооруна 66 депутат «макул», ал эми 5 депутат «каршы» добуш берди,

Белгилей кетсек, 14-мартта тармактык комитеттин жыйыны дайындалган эмес. Комитеттин төрагасы Чолпон Султанбекова парламенттин жалпы жыйынында комиетте карала турган маселелер бар экенин айтып, ал үчүн танапис сураган. 15 мүнөттүк танапис берилип, “чет элдик өкүл” долбоору үчүнчү окууда кабыл алынган.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти «бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү» бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Количество просмотров: 39