Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши өтүп жатат.
Бул беттешке 14 миңден ашуун күйөрман келген.
Азырынча эсеп 1:1.
Оюн 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун турнири алкагында өтүп жатат.