• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан менен Япониянын футболчулары жолдоштук беттеш өткөрөт

20 Аяк оона 202415:58 Бишкек Govori.TV

Кичи футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Япония курама командасы менен 20-сентябрда жолдоштук беттеш өткөрөт.

Беттеш Арча-Бешиктеги спорт комплексте саат 20:00дө башталат.

Кыргызстандык футболчулар менен япониялыктар 11 жолу оюн өткөрүшкөн. 9 жолу япониялыктар жеңсе, акыркы эки оюнда кыргызстандыктар уткан.

18-апрелде Таиландда өткөн Азия кубогунда эки команда туш келип, кыргызстандык футболчулар япондорду 3:0 эсебинде уткан.

Количество просмотров: 145