• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолугушту

14 Бугу 2022 11:25 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 13-майында Душанбе шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги отурумунун аянтчасында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Өзбекстандын тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын күн тартибинин актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн перспективаларын жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин тез арада аяктоо зарылдыгына басым жасалды.

Транспорт жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Тараптар достуктун, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлде иш сапарларды уюштурууга эки тараптуу даярдыгын билдиришти.

Количество просмотров: 167