2024-жылдын 7 айында Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү майдын көлөмүн ташууну 27 эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, январь-июль айларында Кыргызстандан Ооганстанга 8,9 миллион долларга 700 миң литр күйүүчү май экспорттолгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 317 миң долларга 19,3 миң литр күйүүчү май Ооганстанга чыгарылган. Байкалып тургандай, экспорттун көлөмү 27 эсеге өскөн.
Быйыл Кыргызстандан Ооганстанга ташылган майдын орточо баасы литрине 50 центти түздү.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан экспорттолгон бензиндин 84% Ооганстанга туура келет.