Кыргызстан Токмок шаарынын тушундагы 800 метрлик жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча Казакстан тарапка расмий сунуш берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
«Бул жол Алматы көчөсүнөн баштап Кеминге чейин (болжол менен 150 км) акы төлөнүүчү автомагистраль болмокчу», — деди президенттин басма сөз катчысы.