• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан Өзбекстанга гумжардам катары эмнелерди жөнөттү?

11 Бугу 2020 11:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Өзбекстандын Сардаба (өзбекче «Сардоба») суу сактагычынын жырылышынан улам жабыркаган калкына гуманитардык жардам жөнөттү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Гумжардам 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майынан турат.

Сардаба суу сактагычы 1-майда жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон. Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунан 70 миңдей адам коопсуз жактарга шашылыш көчүрүлгөн.

Дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны коңшу Казакстандын Түркстан облусундагы төрт кыштакты да каптаган. 2-майда Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлгөн жана 5,5 миң адам эвакуацияланган.

Количество просмотров: 190