• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан Өзбекстанга малдарды экспорттой баштады

6 Бештин айы 201916:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Өзбекстанга ири жана майда мүйүздүү малдарды (уйлар, койлор) экспорттой баштады. Бул тууралуу «Кабар» сайты жазды.

Маалыматка ылайык, КРнын Өзбекстандагы элчилигинин активдүү колдоосу менен «Кей Эм Джей» жана «YOSHG’AYRAT AGRO» компанияларынын ортосунда келишимге кол коюлган.

Келишимдин наркы 1,2 млн АКШ долларын түзөт. Анын негизинде Кыргызстан Өзбекстанга үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан тарта “Достук-автожол” көзөмөлдөө-өткөрүү” өтмөгү аркылуу майда мүйүздүү малды Өзбекстанга экспорттой баштады.

Мындан сырткары, 1 млн АКШ доллар суммасындагы келишимдин негизинде Өзбекстанга картошканы экспорттоо башталып, жакынкы аралыкта алманы экспорттоо күтүлүүдө.

Количество просмотров: 129