Кыргызстанда 14-февраль күнү 30 түгөй баш кошот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-февралда Бишкек шаарында 22 түгөй мамилелерин катташат. Салтанаттар баш калаадагы үйлөнүү үлпөт өргөсүндө болот.
Белгилей кетсек, быйыл сүйүү майрамы дем алыш күнүнө туш келгендигине байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү иштебейт. Андыктан бардык иштер Бакыт өргөөлөрүнө жүктөлөт.