• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

50 жылдан ашык чоогу жашаган жубайлар үчүн нике салтанаты уюштурулду (сүрөт)

1 Тогуздун айы 2021 14:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Бакыт өргөсүндө бүгүн, 1-октябрда көп жыл бирге түтүн булаткан түгөйлөргө атайын салтанат уюштурулду.

Бул салтанаттуу иш-чарага үйлөнгөнүнө 50 жылдан ашкан 8 жуп салтанаттуу түрдө нике каттоочу китептерге кол коюп, нике шакектери менен алмашышты. Жана ошондой эле Бакыт өргөөсүндө жакындары менен сүрөткө түшүп куттуктоолорду кабыл алышты.

Иш-чара 1-октябрь карылар күнүнө карата уюштурулган. Уюштуруучулардын бири продюсер Дана Абдыбекованын айтымында мындай маараке 2-ирет өтүп жатат.

«Алгач бул долбоор 2017-жылы алгачкы жолу уюштурулган. Анда 12 жуп катышкан, бул жолу чоогу түтүн булатканына 50 жылдан ашкан 8 жуп келип катышып, «Үлгүлүү үй бүлө» наамына ээ болуп жатышат. Алар Кыргызстандын жети дубанынан келди десем болот. Мындан ары да бул долбоорубуз жыл сайын өтүп туруусуна аракеттерди кылып жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 7819