• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда 4-6-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт

3 Бугу 202418:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 4-6-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-6-майларында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.



4-майга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо э

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25 градус болот.

Количество просмотров: 339