29-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Таласта түнкүсүн 2…7, күндуз 19…24
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18
Бишкекте түнкүсүн 5…7°, күндүз 22…24° болот.