• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

19 Аяк оона 2023 12:40 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 20-22-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-22-23-сентябрь күндөрү түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16 градус болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14 градус болот.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° чейин, күндүз 4…9 градус, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

ӨКМ кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү кызматына чалуу керектигин эскертет.

Количество просмотров: 200