• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанда алгачкы жолу Монголиянын элчиси дайындалды

29 Тогуздун айы 2021 17:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда алгачкы жолу Монголиянын элчиси дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрдаТышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Монголиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Ганхуяг Содномдон ишеним грамотанын көчүрмөсүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кабыл алып, Казакбаев менен жаңы дайындалган элчи эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Монголиянын Бишкектеги Башкы консулдугу 2019-жылы Монголиянын президентинин катышуусу менен элчилик болуп ачылган.

Количество просмотров: 290