• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда добуш берүү аяктады

4 Тогуздун айы 202020:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагындагы шайлоо тилкелери саат 20:00дө эшигин жапты. Шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү имараттын ичиндеги жарандар добуш берип бүткөндөн кийин жыйынтыкты чыгарууга киришет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 18.00гө карата маалыматы боюнча, шайлоого 1 миллион 594 миң 802 адам катышты. Бул шайлоочулардын 45 пайызын түздү.

Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоого 16 партия ат салышып жатат. Шайлоочулардын жалпы тизмесине Кыргызстандын 3 млн 523 миң 532 жараны кирген.

Количество просмотров: 137