Улуттук банк 22-августка карата валютанын жаңыланган курсун жарыялады.
Коммерциялык банктарда доллар арзандады. Орточо эсеп менен доллар 85 сом 50 тыйындан сатып алынып, 86 сомдон сатылууда.
Улуттук банк жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 13 интервенция, сатуу боюнча 5 интервенция жасады.