Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, тыюу салуу 2025-жылдын 3-мартынан баштап алты айлык мөөнөткө киргизилген жана өкмөт чечими менен берилүүчү эл аралык транзиттик жана гуманитардык жардамдарды кошпогондо, минералдык жер семирткичтердин бардык түрлөрүнө тиешелүү.
Анын үстүнө жер семирткичтердин сапаты белгиленген талаптарга жооп бербесе, аларды чектөөсүз реэкспорттоого болот.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жана Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Ал эми Тышкы иштер министрлигине КМШнын аткаруу комитетине билдирүү тапшырылды.
Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда минералдык жер семирткичтердин өз өндүрүшү жок экенин, жылдык камсыздоо жалпы муктаждыктын 45-55 пайызын гана түзөрүн билдирген.