• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кыргызстанда өпкө оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

20 Жетинин айы 202418:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өпкө оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Улуттук госпиталдын өпкө оорулар бөлүмүнүн башчысы Акылай Масаидова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өпкө ооруларына чалдыккандардын саны жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийин экинчи орунда турат. Улуттук госпиталда бир жылда 1 миңден ашуун өпкө оорусуна чалдыккан бейтап дарыланат.

“Улуттук госпиталга өлкөнүн бардык облустарынан жериндеги аймактык ооруканаларда дарыланып, бирок абалы жакшы болбогон, ооруну өөрчүтүп жиберген бейтаптар кайрылышат. Мындай учурда биз өпкөнү толугу менен текшерип, диагноз коюп, ошого карата дарылоо жүргүзөбүз. Кайрылган жарандардын 60-70 пайызы өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусуна чалдыккандар. Бардык эле оорулууларды стационардык дарылоодон өткөрө албайбыз. Алгач үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан текшерилип, жеңил түрү менен кайрылгандарга дарыгер кеңеш берип, аймактык ооруканага жөнөтүлөт”, — деди Акылай Масаидова.

Дарыгер белгилегендей, бөлүмгө бир жылда өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусунун оор түрүнө чалдыккан 600-700дөй бейтап ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланат.

Количество просмотров: 336