• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда сыналгы менен радио сегиз саатка өчүрүлдү

5 Баш оона 202512:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 5-августта санариптик, мамлекеттик жана коммерциялык телеканалдардын көрсөтүүсү сегиз саатка токтотулду. Бул профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

«Республикалык радиотелеберүү ишканасы» ААКнын билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында саат 07.00дөн 15.00гө чейин теле жана радиостанциялардын, анын ичинде спутниктик берүүлөрдүн сигналдары убактылуу өчүрүлдү.

«Өчүрүү бардык санариптик, мамлекеттик жана жеке телеканалдарга тиешелүү болот. Ошондой эле спутниктик ТВ жана радио сигналдары да убактылуу жеткиликсиз болот», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Сигнал берүү техникалык иштер аяктагандан кийин кайра жанданат.

Количество просмотров: 327