• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкөдө жашылча-жемиштер 16,4%га кымбаттады

24 Кулжа 2021 9:58 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылы июнда май айына салыштырмалуу республика боюнча жашылча-жемиштердин баасы 16,4%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бул аралыкта жашылча 19,5%га жана жемиштер 6,4%га (жаңы жемиштерге баанын өскөнүнүн эсебинен 7,0%) өстү. Муну менен катар эң көп кымбаттаган жашылча сабиз болгон, ага болгон баа – 1,6%га, картошканын баасы – 36,3%га, өрүктүн баасы — 2,2 эсе, ал эми алма 15,4%га көтөрүлгөн.

Бишкек шаарында картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн (килограммына 58,44 сом) ашты. Сабиздин баасы Баткенде (килограмына 77,40 сом), Нарында (килограммына 75,46 сом) жана Бишкекте (килограммына 75,09 сом) эң жогорку чекке жеткен.

Количество просмотров: 165