Ушул жылдын август айынын акырына чейин Кыргызстандагы беш банк жоюлуу алдында турат. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын отчетунда айтылды.
Жоюла турган банктар булар:
“АзияУниверсалбанк”;
«Ысык-Көл» инвестбанкы;
«Манас Банк»;
«Ак Банк»;
Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы.
Мындан тышкары, 1994-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн Борбор Азиялык кызматташтык жана өнүктүрүү банкынын Бишкектеги филиалы лицензиясы жок банк бойдон калууда.