• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиарддан ашуун доллар которулду

11 Үчтүн айы 2023 12:54 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 11 айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө жеке адамдар 1 миллиард 82,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат которду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Четке акча каражат күз айларында рекорддук суммада чыккан. Сентябрда 170,4 млн., октябрда 160,4 млн., ноябрда 142,8 млн. доллар каражат которулган.

Чет жактан Кыргызстанга которуулардын көлөмү 11 айда 2 миллиард 737,8 миллион доллар болду. Которуулар күз айларында дээрлик 18% азайып кеткен. Ноябрь айында Орусиядан 223,8 млн. доллар, алыскы чет өлкөлөрдөн 12,4 млн. доллар келген.

Орусия Украинага кол салгандан кийинки санкциялардан улам валюталар курсу олку-солку боло баштаганда Улуттук банк акча которуулар боюнча айрым чектөөлөрдү киргизген.

Кыргызстанда жыйырмадан ашуун коммерциялык банк бар, аларды Улуттук банк көзөмөлдөйт.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 207