• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттолот

11 Баш оона 2022 12:09 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 10-августта эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен ишинин жыйынтыгында Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду.

КР ТИМден билдиришкендей, келишим «Sojitz» соода компаниясынын катышуусу менен «Japan style» жана «Yamada Bee Company Group» ортосунда түзүлдү.

Ишканалардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Японияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта экспорттолот.

Количество просмотров: 63