Кыргызстандык окуучу Ян Бобрус эл аралык олимпиадада 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
«Таланттарды даярдоо лабораториясы» аттуу математика, физика жана химия боюнча VI эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы Бакуда 24-27-декабрь күндөрү өткөн.
Олимпиадага Кыргызстандан, Азербайжандан, Грузиядан, Казакстандан, Россиядан жана Өзбекстандан келген окуучулар катышты.
Ян Бобрус «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу. Ал математика боюнча жалпы 40 упайдан – 40 упай, физикадан –10 упай, химиядан 4 упай топтогон. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстандын курама командасына төмөнкү окуучулар кирген:
Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу, 54 упай,
Жасурбек Тешабаев, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, — 26 балл,
Иса Мамытов, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу – 10 балл.
Команданын жетекчиси – химия боюнча эл аралык олимпиадасынын (ICHO) коло байге ээси Дооронбек Маметов.