Кыргызстандык 3 окуучу IX Европа өспүрүмдөр информатика олимпиадасында (EJOI 2025) 3 коло медаль жеңди.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, олимпиада 29-августтан 4-сентябрга чейин Болгариянын Шумен шаарында өттү. Олимпиадага 24 өлкөдөн 15 жашка чейинки окуучулар катышты.
Кыргызстандан бул олимпиадада 4 окуучу катышып, алардын үчөө коло медаль алды. Алар:
Кыргызстан Эл аралык мектебинин 8-классынын окуучусу Абдувалиев Бектен (Ош шаары) катышуу сертификатын алды. Аны олимпиадага Мирбек Бакиров даярдаган.
Эмирхан Сыдыкбаев менен Актан Мавляновду олимпиадага Медербек Осмонов даярдаган. Аруубек Баймырзаевди болсо олимпиадага Медербек Осмонов менен Эрбол Жусупбеков даярдаган.
Команданын жетекчиси – Медербек Осмонов, ал эми анын жардамчысы – Мирбек Бакиров.