• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Кыргызстандык жоокерлер Алматыдагы ЖЭБ-2ни кайтарып жатат

10 Үчтүн айы 2022 17:00 Бишкек Govori.TV

Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын алкагында барган кыргызстандык жоокерлер Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Мунун алдында ЖККУнун атынан Казакстанга жөнөтүлгөн күчтөрдүн командири Андрей Сердюков уюмдун аскерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди «көзөмөлдөп» жатканын билдирген. Ошондой эле алар Казакстандагы кырдаал толук жөнгө салынганча болорун айткан.

Уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери 7-январда жеткирилген.

Количество просмотров: 250