Кыргызстанда май майрамдарына карата эс алуу күндөрү белгиленди. Ага ылайык, 1, 2, 3, 4, 6, 7 жана 8-май иш күн эмес деп жарыяланды.
5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү, ал эми 9-май — Жеңиш күнү катары белгиленгендиктен бул даталар да иш күн эмес болуп саналат.
Ошентип, кыргызстандыктар 1-майдан 10-майга чейин катары менен 10 күн эс алышат.