Эмгек министрлиги 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыялоону сунуштады. Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерине 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрүн белгилөө, ошондой эле 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп аныктоосу сунушталат.