Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркмөнстанга барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Касымалиевдин сапарынын алкагында деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясына катышып, иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөөрү кабарланууда.
Мындан тышкары, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат. Ошондой эле БУУнун конференциясынын алкагында өтүүчү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнө арналган маданий иш-чараларга катышат.