• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Россияга эмне үчүн барганын айтты

27 Чын куран 202612:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Kaktus.media сайтына маек куруп, анда акыркы окуялар тууралуу бир катар суроолорго жооп берген.

Маегинде Жапаров бир аз күн мурда жасаган Россияга сапары жана Владимир Путин менен болгон жолугушуусу тууралуу да жооп берген.

«Эгемендүү мамлекеттин президентин эч ким чакыра албайт. Тескерисинче, Москвага барууну мен өзүм демилгелегенмин. Астанадагы экологиялык саммитке катышкандан кийин, бир эле учурда бир нече маселелерди талкуулап, жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну чечтим. Владимир Владимирович бул демилгени дароо колдоду.

Сапардын биринчи күнүндө биз эки сааттан ашык убакыт бою кыргыз-орус мамилелерине байланыштуу кеңири маселелерди талкууладык. Шашылыш түрдө чакырылган тиешелүү министрлердин катышуусунда бир катар темалар боюнча кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдаштык, ал эми эртеси күнү кеңейтилген жолугушуу болду. Бардык негизги маселелер чечилди.

Мен Владимир Владимировичке ыраазычылык билдирүүнү туура деп эсептейм: акыркы беш жылдын ичинде ал кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык маселелери боюнча ырааттуу колдоо көрсөтүп, орус тарабына байланыштуу маселелерди чечип келди. Ошондуктан биз Орусияны стратегиялык өнөктөшүбүз деп атайбыз», — деген президент.

Количество просмотров: 331