• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кышкы Олимпиада оюндарына бара турган спортчулар кийими көрсөтүлдү. Ал сындар менен коштолду (сүрөт)

28 Үчтүн айы 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Лыжа федерациясы социалдык тармактардагы баракчасына Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу формасынын сүрөтүн жарыялады.

Анда 14 кийимдин түрү болот: Олимпиаданын ачылыш жана жабылыш аземдерине кие турган форма, машыгуу үчүн костюм, кыска жана узун куртка, пальто, футболка, кышкы бут кийим, кроссовка, рюкзак, кол кап, баш кийим жана байпак.

Белгилей кетсек, форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү – кытайлык Tectop компаниясы тарабынан бекер берилген. Улуттук олимпиада комитети жана Tectop 2018-жылдан бери кызматташып келет жана Пекин кышкы Олимпиадасынын комплекти 2021-жылдын жайында буйрутма берилген.

Алдыдагы мелдештерге Кыргызстандын атынан бир спортчу – лыжачы Максим Гордеев катышат.

Буга чейин соцтармакта Лыжа федерациясынын Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу формасынын сүрөтүн жарыяланып, бир катар талкууларга алынган.

Кыргызстандыктарды стили гана эмес, түсү да нааразы кылып, сындар айтылууда.

Федерации лыжного спорта КР
из интернета
Количество просмотров: 419