• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыздар, өзүңөрдү IT чөйрөсүндө сынап көргүлө: О! кызматкер айымдарынын статистикасы жана баяндары

7 Жалган куран 2024 15:21 Бишкек Govori.TV

IT чөйрөсүндө эмгектенген аялдардын саны жыл санап өсүүдө. 8-март Аялдардын эл аралык күнү келип калды, ушул себептен улам биз кайырмакты О! мобилдик операторунун («НУР Телеком») HR бөлүмүнө таштап, маалымат технологиялары чөйрөсүндө иштеген эркектердин саны азыр деле басымдуулук кылганын (77%га жакын), ошол эле учурда мындан эки жыл мурункуга салыштырмалуу бул тармакта кыздардын да саны көбөйгөнүн билдик.  

Келгиле, О! компаниясынын IT-кабаттарына баш багып, анда иштеген таланттуу кыздарды эмне бириктирип турганын, кесипти кандайча тандап калгандарын жана ишке жаңы киришип жаткандарга кандай кеңеш бере тургандарын угуп көрөлү.

IT чөйрөсүнө кантип келип калдыңар

Айнура Жанузакова: Мен Политехке тапшырып жатканда эле келечектин маалымат технологияларына негизделе турганын түшүнгөм. ЖРТ жыйынтыктары менен бюджеттик бөлүмгө өтүп, окууга кириштим. Эми болсо өлкөбүздүн эң мыкты компаниясы – О! мобилдик операторунда берилмелер базасын администрациялоо боюнча инженермин.

Эльвира Зарифуллина: Мен кандай кесипти тандай турганымды мурун эле билчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө так билимдерге, чечимдерди түзүүнүн логикасына кызыкчумун.  «Маалыматты иштеп чыгуу жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» багыты боюнча профилдик университетти бүтүрдүм. Азыр мен IT бизнес-аналитик жана IT-архитектормун.

Камила Уланбекова: Мен университетке программалык инженер кесиби боюнча тапшыргам.  Экинчи курста окуп жатканда Programmer Ayimdar II программасына  (эгер сиз айым болсоңуз жана программист болууну кааласаңыз, программа менен таанышып көрүүнү сунуштайм) катышып, аны аяктаган соң стажировкадан өттүм да, мобилдик тиркемелердин иштеп чыгуучусу болдум.   

Алина Асылбек кызы: Алгач биоинженерияга тапшыргам, бир аз убакыттан кийин IT көбүрөөк жага турганын билдим. Натыйжада компьютердик илимдер багытында бакалавриатты бүтүрүп, бүгүнкү күндө веб-иштеп чыгуучусу болуп эмгектенип жатам.

Эльнура Таджибаева: Менин IT чөйрөсүнө карай жолум кыйла татаал жана узак болду. Бул бир жолу окуп коюп, өмүр бою бир эле билимди колдоно турган чөйрө эмес. Алгач мен Раззаков атындагы КМТУдан «Электроника жана телекоммуникациялык инженерия» адистиги боюнча инженер-байланышчы кесибине ээ болдум. Магистратураны Кытайдын Харбин техникалык университетинде «Электроника жана маалымат технологиялары» адистиги боюнча бүтүрдүм. Ал ортодо иштеп чыгуу жана программалоо жаатында көптөгөн  курстарды аяктадым.

Елена Шаповалова: IT дүйнөсүнө мен таптакыр башка чөйрөдөн келип калдым. Билимим боюнча тамак-аш өнөр жайынын инженеримин. Кайра «айтишникке» өз алдымча окуп чыктым.  Гугл J менен баары мүмкүн жана бүгүнкү күндө мен – сервистик саясаттарды жана тарифтөөнү башкаруу тобунун инженеримин. Жумушум күн сайын жаңы милдеттер чыгып тургандыгы жана монотондуулук жок экендиги менен кызыктуу.

«Эркектин» кесибинде кыздарга эмне бар?

Эльвира: Ооба, илгертен эле эркектер так илимдерди өнүктүрүүдөгү кыймылдаткыч күч болуп келген, бирок тарыхтагы эң биринчи программист – Ада Лавлейс аттуу  айым болгон. Ада программалоо тили ошол айымдын атынан аталып калган. Бирок илимий-техникалык революция аялдардын IT-чөйрөсүн өнүктүрүүгө активдүүрөөк катышуусун өбөлгөлөп, бүгүнкү күндө кыздарга IT багытынын бардык палитрасы жеткиликтүү. Кыздар өздөрү үчүн кызыгуу жараткан багыттарды тандай алышат:

  • активдүү жана коммуникабелдүү – долбоордук менеджмент, аналитика;
  • интроверттер – программалоо, администрациялоо;
  • чыгармачыл инсандар – дизайн, ошондой эле архитектура, IT чөйрөсүнө окутуу ж.б.  

Камила: Мен IT – эркектерге гана ылайыктуу кесип деп эсептебейм. Акыркы 3 жылда эле бул чөйрөдө эмгектенген көп кыздар менен тааныштым. Баса, айта кетчү нерсе – биздин факультетте эркек балдар менен кыздардын саны бирдей.

Айнура: Азыр кыздар үчүн IT чөйрөсүндө кесиптин ээси болуунун бир катар артыкчылыктары бар: үй-бүлө коломтосун өчүрбөй сактап турган мыкты кожойке да, аралыктан иштеген – бир жерге байланып отурбаган кызматкер да боло алат. Декретке чыгып, кесиби боюнча иштөөнү уланта берсе болот.

Жаңыдан ишке киришип жаткандарга кеңеш

Эльнура: Биз кыздарыбыз бир эле Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө IT дүйнөсүн багындырып келе жатканын көрүүдөбүз. Бул өтө чоң шыктануу жаратат. Чөйрөдө иштеген адистер, креативдүү адамдар менен көбүрөөк таанышкыла.

Алина: Колдойм, абдан көп IT-коомдор бар. Аларга кошулуп, кесипкөй адистер менен, ишке жаңыдан киришип жаткандар менен баарлашкыла, өзүңөргө кеңеш бере турган ментор тапкыла, жана дагы стажировкадан өткүлө – бул карьералык өсүүнүн эң тез жолу.

Камила: Келе жаткан майрамыңар менен, кыздар! Мен ар бириңердин ийгилигиңерге ишенем ☆*:.。.o(≧▽≦)o.。.:*☆ 

О! компаниясынын бардык кызматкер айымдары IT чөйрөсүндө дайыма окуп туруу, жаккан кесипти тандоо жана стереотиптерден коркпош керек экендигин бир ооздон билдиришти. Эгерде сиз мыкты адистердин командасында иштегиңиз келсе, o.kg сайтындагы «Вакансиялар» бөлүмүнө баш багыңыз. Ал жерден өтүнмөңүздү калтырсаңыз же [email protected] почтасына резюмеңизди жиберсеңиз болот.

Материал жарнамалык негизде чыгарылды.

Количество просмотров: 151