• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кызматтан кеткен Догоев Президенттин кеңешчиси бойдон кала берет

10 Кулжа 2020 13:55 Бишкек Govori.TV

Дастан Догоев Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагасы кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу анын расмий кайрылуусунда айтылат.

Кайрылууда Дастан Догоев Гарвард университетине окууга өткөндүгүнө байланышту жумуштан кетип жаткандыгын айтып, бирок Президенттин санариптештирүү боюнча кеңешчиси бойдон кала берерин белгилеген.

“2020-жылдын башында керектүү документтерди чогултуп, Гарвард университетинин мамлекеттик башкаруу магистрлик даражасына өттүм.  Бир жылдык окуу гранттык негизде каржыланат.  Мен Гарвард университетине өтүп, кызматтан кетип жаткандыгым боюнча Президент жана премьер-министр менен макулдаштым. Мындай мүмкүнчүлүк өмүрүмдө бир жолу келип жатканын эске алышып, алар мени колдоду”, — деген ал.

Количество просмотров: 126