• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аял мажбурлап дарыланууга жөнөтүлөт

20 Чын куран 2022 8:56 Бишкек Govori.TV

Ташкент зоопаркында кичинекей кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аял мажбурлап дарыланууга жөнөтүлөт. Мындай чечимди Ташкенттин Юнусабад райондук соту 18-апрелде кабыл алды.

Марттын аягында Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов экспертизалардын жыйынтыгында айыпталуучу аял психикалык оору менен жабыркай турганы аныкталганын билдирген.

«Комплекстүү соттук-психиатриалык жана психологиялык экспертизанын жыйынтыгында аял психикалык оору менен жабыркай турганы аныкталды. Анын мындай абалын тергөө маалында жана сотто объективдүү көрсөтмөлөрдү берүүгө жөндөмсүз болгону да кыйыр түрдө көрсөттү», — деген басма сөз катчы.

Быйыл 28-январда Ташкент зоопаркында аял үч жаштагы кызын аюунун капасына ыргытып жиберген. Анда зоопарктын кызматкерлери аюу кыздын жанына келип, жыттап, андан соң кетип калганын айтышкан. «Кыз жаныбардын азуусунан эмес, дээрлик беш метр төмөн кулаганда жабыркаган», – деп билдиришкен алар.

Кыздын апасына каршы Кылмыш кодексинин «Атайылап киши өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көп өтпөй кыздын 31 жаштагы апасы Ташкенттеги жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштей турганы белгилүү болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал 2021-жылдын июль айынан бери психиатриалык диспансерде каттоодо турган.

Теги:
Количество просмотров: 177