• Шейшемби 16 Теке 2024
  • Вторник 16 Июль 2024

Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды. Президенттин басма сөз катчысы билдирүү таратты

10 Теке 2024 9:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук баракчасы аркылуу Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды деген маалымат боюнча комментарий берди.

Ал президенттин инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктаган.

Эске салсак, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон.

«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат»,-деп жазды ал.

Количество просмотров: 1083