• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Лейлекте эттин баасы 20 сомго арзандады

27 Үчтүн айы 2023 10:23 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин эттин баасы 20 сомго арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, мындай чаралар аталган кызматтын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери жана Лейлек районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан эт сатуучулар жана мал союучу жайлардын өкулдөрүнүн эттин баасын негизсиз жогорулатууларына жол бербөө максатында түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көрүлгөн.

Количество просмотров: 335