• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Лейлекте ок атуучу курал сактап жүргөндөр кармалды

30 Бештин айы 2020 15:00 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунда ок атуучу курал сактап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан Жаза аткаруу мекемесинен жазасын өтөп, боштондукка чыккан жарандар тарабынан кылмыш жасалуусу мүмкүн экендиги боюнча маалымат келип түшөт.

Аталган маалыматты тактоо максатында, Лейлек РИИБнин милиция кызматкерлери Улуттук коопсуздук комитетинин Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу максатында алдын ала маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-ноябрында түнкү саат 01:20лар чамасында Лейлек районунун Кайрагач айылындагы чек ара постунда “Мерседец-Бенц” автоунаасын токтотуп, анын ичинен Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылынын 44 жаштагы Ш.Д., Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 27 жаштагы О.А. жана Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун 26 жаштагы И.Ж. аттуу жарандары аныкталып кармалышкан.

Лейлек РИИБнин жана Лейлек УКМКнын биргеликте жүргүзгөн иш-чарасынын жыйынтыгында Лейлек районунун Жаштык айылынын күн батыш тарабындагы жол боюндагы арыктын артына Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 27 жаштагы О.А. жашырып койгон жеринен бир даана “ПМ” (травматикалык) үлгүсүндөгү тапанча жана 16 калибрдеги (обрез) курал алынды.

Алынган куралдарга экспертиза дайындалып, экспертизанын жыйынтыгында ок атуучу курал атайын кесилип, ок атууга даярдалгандыгы аныкталды.

Бул факты Лейлек РИИБнин Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин («куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») 2-бөлүгүнүн негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 101