• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ленин округунан депутаттыкка талапкерлердин саны үчкө жетти

3 Чын куран 202319:48 Бишкек Govori.TV

 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта БШКга арыз менен үч талапкер кайрылган.

— Марат Арзыкулов;
— Эркин Булекбаев;
— Максат Кунакунов.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Количество просмотров: 1037